鶹ý

Асель Осмонгазиева: «БААУ билим алуу үчүн башка эч бир жерге окшобогон шарт түзөт»

Асель Осмонгазиева: «БААУ билим алуу үчүн башка эч бир жерге окшобогон шарт түзөт»

24&Բ;января&Բ;2023

#LifeAfterGraduation

Асель Осмонгазиева 2021-жылы БААУнун Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин Асель дароо иш тажрыйбасын топтоону чечип, учурда кургак учукка каршы ар кандай иш-чаралар аркылуу күрөшүүчү коммерциялык эмес уюмда иштеп жатат.

«Менин БААУдагы студенттик жылдарым калыптануу мезгили болду десем болот. Аткарган ар бир ишим жана жолуккан адамдарым бүгүнкү күндөгү менин калыптанышыма өбөлгө болду. Азыркы абалым менен сыймыктанам жана ушул жолдо БААУнун менин жашоомдун бир бөлүгү болгонуна ыраазымын.

Университеттин эң кызыктуу бөлүгү — бул адамдар болду! Мен ал жакта эң жакшы досторум жана менторлорум менен тааныштым. БААУда түзгөн байланыштарым өмүр бою мен менен болот, бул сансыз себептерден улам сонун нерсе. Аларды баарын бул жерге тизмектөөгө орун жетпейт. Мындан тышкары, окуудан да ырахат алгам десем ишенбешиңиздер мүмкүн. Ооба, мен баарына кызыккан, эң жакшы баа алган студент болгом. Бирок, чынында эле, БААУ билим алуу үчүн башка эч бир жерге окшобогон шарт түзөт. Бир жолу бир сабакта тапшырма катары көпөлөктөрдү сүрөткө тартуу үчүн аларды издеп жүргөнүм эсимде. Дагы бир сабакта эскирген каналдарды изилдегем. Бул эсимде калган жөнөкөй учурлар болгону менен, эң сонун тажрыйбалар эле, жана буларды башымдан өткөргөнүмө абдан ыраазымын! Жаңы нерселерди сынап көрүү жана алар тууралуу үйрөнүү мага катуу жетишпей жатат. Ошондой эле BGIA программасы аркылуу Нью-Йоркто 6 ай жашоого мүмкүнчүлүк алып, укмуштуудай тажрыйба топтодум.

Магистрдик даражаны алууну убактылуу токтотуп, чыныгы иш чөйрөсүн сезүүнү чечтим. Учурда кургак учукка каршы ар кандай иш-чараларды уюштурган KNCV Кыргызстан коммерциялык эмес уюмунда иштейм. Мен байланыштар боюнча адисмин, бирок жетекчим мени «Facebook адиси» деп атаганы күлкүлүү угулат. Уюмубуздун бардык социалдык медиа баракчаларын жүргүзөм, контент түзүп, иш-чараларды сүрөткө тартып, жазууларды жана маалыматтарды чогултам. Окууда үйрөнгөн нерселеримди иш жүзүндө колдонуп жатам, бул мен үчүн али да таң калычтуу! Менин максаттарымдын бири — адамдарга пайдасы кандайдыр бир жол менен болбосун тие турган ишти аткаруу.

Азыркы жана келечектеги студенттерге кеңешим — ар бир күнүңүздөн ырахат алыңыз. Ашканада досторуңуз менен бирге жеген түшкү тамак, берилген ар бир кызыктай тапшырма, ар бир чоң иш-чаранын баасы чоң. Чарчаган жана стресс болгон учуруңуз бар экенин билем, бирок бул жылдар укмуштуудай жана сонун, андыктан аларды эң жакшы кылып өткөрүңүз.»

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028