25&Բ;октября&Բ;2024
БААУнун Китепканасында 鶹ý Library Жарандык активдүүлүк борборунун 鶹ý Center for Civic Engagement колдоосу астында “Каржылык жана инвестициялык эсеп-кысаптардын негиздери” китебинин бет ачары болуп өттү. Аны китептин авторлорунун бири, БААУнун профессору Сыргак Капарович Кыдыралиев жасады.
Өткөн жылы дал ушундай китеп кыргыз тилинде жарык көрүп, көпчүлуктүн кызыгуусун жаратып, көпчүлүк аны орус тилине которууну өтүнгөн эле. Айта кетсек, буга чейин аталган эмгек орус тилинде чыккан, бирок убакыттын өтүшү менен аны азыр табуу бир топ эле кыйынга турат. Андыктан бул жаңы басмасында китеп толукталды жана жаңыланды. Ал эми анын нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 2000 даананы түздү.
Китепти жаратуунун үстүндө авторлордун жоон тобу эмгектенди: экономика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жапаров, экономика илимдеринин доктору, Каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү ассоциациясынын башкы директору (Москва), Кыргыз экономикалык университетинин ардактуу ректору Вениамин Каганов, экономика илимдеринин доктору, физико-математикалык илимдердин кандидаты, БААУнун профессору Сыргак Кыдыралиев жана физико-математикалык илимдердин кандидаты, Кыргыз-Түрк университетинин профессору Анаркуль Урдалетова.
Баш сөзүндө айтылгандай, китеп сабаттуу каржылык эсеп-кысаптардын эрежелери менен ыкмаларына басым жасайт, башкача айтканда, акчаны туура эсептөө жөндөмүнө. Анын өзгөчөлүгү болуп көп сандаган тексттик маселелер, мисалдар жана практикалык кырдаалдар эсептелет. Жеткиликтүү тилде жазылган эмгек окурмандардын кең чөйрөсүнө пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Анын ичинде адистешкен экономикалык жана математикалык билими барлар үчүн.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги китепти ЖОЖдордун студенттери үчүн окуу китеби катары пайдаланууга уруксат берди.
Бет ачарда Сыргак Капарович китептеги бир катар маселелердин чечмелениши тууралуу үн катты. Мисалы дыйкан жана шайтан жөнүндө кылымдар бою айтылып келген маселе заманбап инвестициялык жана банктык процесстерди түшүндүрүүгө жардам берет. Дагы бир карышкыр жана ага иштеп берген үч торомпой тууралу маселе каржылык менеджмент жана капиталдын кирешелүүлүгүнүн эсептерин ачып берет.
Бет ачардын бардык катышуучулары “Каржылык жана инвестициялык эсеп-кысаптардын негиздери” китебин белекке алышты.