鶹ý

Эл аралык укук боюнча Филип К. Джессап атындагы Эл аралык сынактын борборазиялык баскычы-2025

Эл аралык укук боюнча Филип К. Джессап атындагы Эл аралык сынактын борборазиялык баскычы-2025

14&Բ;февраля&Բ;2025

Борбордук Азиядагы Америка университети Эл аралык укук боюнча Филип К. Джессап атындагы Эл аралык сынактын борборазиялык баскычын өткөрүүдө.

2025-жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин биздин университет ири Эл аралык юридикалык сынактын борборуна айланат – Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition! Мындай абройлуу иш-чарада өзүлөрүнүн Эл аралык укук тармагында билимдерин көрсөтүп, татаал юридикалык маселелерди чечүү менен таймаш жүргүзүү үчүн Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары чогулушат!

Иш-чара тууралуу кененирээк:

Датасы: 14-17-февраль 2025-жыл

Өтүүчү жайы: Борбордук Азиядагы Америка университети, Бишкек

Баарыңыздарды бул маанилүү иш-чарага чакырабыз, келип аталган абройлуу Эл аралык сынакта студенттерибизге колдоо көрсөтүңүздөр!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028