19&Բ;февраля&Բ;2025
Борбордук Азиядагы Америка университетинде Birge ыктыярчылар форуму өтүп, ал коомдук ой-пикирдин лидерлеринин, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, студенттер менен ыктыярчылык кыймылдардын активисттеринин башын бириктирди.
Бир күн аралыгында чогулгандардын алдына ыктыярчылык, жаштар саясаты жана билим берүү тармактарынын алдыңкы эксперттери чыгып сөз сүйлөштү:
Урмат Насыкулов – “Жаратман” долбоорунун негиздөөчүсү, жеке ишкер, коомдук ишмер жана ыктыярчылар кыймылынын лидери
Айжан Чыныбаева – “ЭкоДеми” коомдук фондунун президенти, “Таза Ысык-Көл” долбоорунун демилгечиси, “Биздин айымдар” коомчулугунун башчысы жана Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси
Аскар Шайкидинов – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрликтин башкармалыгынын башчысы
Жакшылык Бекназаров – Кыргызстандын Жаштар кыймылынын төрагасы, “Салбуурун” федерациясынын вице-президенти, “Салымбековдун бизнес мектеби” билим берүү борборунун директору
Махабат Таалайбекова – EduGrant билим берүү платформасынын негиздөөчүсү
Бекболот Сталбеков – “Активдүү ыктыярчылар” коомдук уюмунун өкүлү, жаштар саясаты боюнча эксперт, Эл аралык билим берүү программаларынын кеңешчиси, укуктук серепчи
Форумдун учурунда интерактивдүү сессия орун алып, катышуучулар ыктыярчылыктын чакырыктары менен преспективаларын талкуулоо менен бирге өз таланттарын ар кандай оюндарда сынап көрүштү.
Форумдун өзгөчө учуру катышуучулар үчүн уюштурулган интерактивдүү оюндар менен сынактар болду. Иш-чаранын алкагында чет элдик ЖОЖдорго окууга тапшыруу үчүн арзандатуулары бар сертификаттар ойнотулду. Бул чет өлкөдө билимин уланткысы келгендер үчүн баалуу бонус болду.
Форумдун кульминациясы панелдик талкуулар болуп, ага ыктыярчылык тармагындагы алдыңкы эксперттер катышты:
Бегимай Баатырбекова – “Жердин балдары” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору
Айжан Абдесова, ыктыярчы, 7 жылдык ыктыярчылык тажрыйбасы менен бөлүштү
Нурила Дуйшеева – Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылык программасынын улуттук координатору
Айбек Аскарбеков – юрист, жарандык активист, “Жарандык катышуу” коомдук фондунун директору жана ЕККУнун жаш эксперттери коомчулугунун мүчөсү
Жабылыш салтанатында иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, социалдык демилгелерге багытталган кайрымдуулук каражат чогултуу тууралуу да маалымат берилди.
Birge адамдардын башын бириктирүү менен гана чектелбестен, Кыргызстанда ыктыярчылык кыймылынын өнүгүүсүнө кубаттуу импульс берди. Форум жаштар коомдук жашоого активдүү катышууга жана дүйнөнү жакшы жагынан өзгөртүүгө даяр экенин көрсөттү.