19&Բ;февраля&Բ;2025
Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Юридика факультети Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition сынагынын борборазиялык тандап алуу баскычында 1-орунду ээледи. Эми команда Кыргызстандын намысын АКШнын Вашингтон шаарында өтчү Эл аралык баскычтарында коргомокчу. Белгилей кетсек, БААУнун командасы улуттук тандап алуу баскычтарын 5 жылдан ашык убакыттан бери жеңип келет. Команда Эл аралык укук боюнча мыкты билимдерин көргөзүп, Кыргызстандын намысын Эл аралык сынактарда татыктуу коргоодо.
Салтанат Асанова, Элайым Мусабекова жана Элизабет Джоелди, ошондой эле алардын насаатчылары Бегайым Сейитбекова менен Боленат Дуттуну мындай жетишкендиктери менен куттуктайбыз.
Мындан тышкары команда мыкты меморандум үчүн атайын сыйлыкка арзыса, ал эми Элизабет Джоел мыкты спикер аталган.
Эми алдыда 2025-жылдын 30-мартынан 7-апрелине чейин өтчү Эл аралык баскычтарга даярдануу күтүп турат. Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана аларга дүйнөлүк ареналарда ийгиликтерди каалайбыз!