鶹ý

БААУнун студенттери байгелүү орунду ээлешти

БААУнун студенттери байгелүү орунду ээлешти

4&Բ;апреля&Բ;2025

#шахматы#chess

25-29-март күндөрү Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Универсиаданын Жогорку Лигасынын шахмат боюнча мелдештери орун алды. Эркектер жана кыздар арасында өлкөбүздүн ондон окуу жайларынын командалары таймашышты. Анда БААУнун эркектер жана кыздар командасы экөө тең байгелүү 3-орунга илиништи.

Кыздар курамасына Зульхиджа Махаммадалиева, Фотима Сабзалиева, Мижгона Давлатова жана Фариза Бозоровалар кирсе, Кубанычбеков Асылтай, Алымбеков Арслан, Норматов Дорюш жана Додихудоев Ардашер эркектер арасында окуу жайыбыздын намысын талашкан.

Эркектер арасында биринчи орунду Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы ээлесе, экинчи орунду Ош мамлекеттик университети камсыздаган. Ал эми кыздар арасында эң мыкты көрсөткүчтү Иса Ахунбаев атындагы медицина академиясынын бийкечтери көрсөтүшсө, күмүш медалдарды Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы тагынды.

Атаандаштардын курамында Азия чемпионаттарынын күмүш жана коло медалчылары, республикалык жана Эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү аталган спорт чеберлери болгонуна карабастан, БААУнун командалары жакшы оюн көрсөтүп, атактуу атаандаштарына татыктуу каршылаш боло алышты. БААУнун командасы ар кандай шахматтык мелдештерде туруктуу түрдө байгелүү орундарды ээлеп келет жана бул биздин университетте калыптанган шахматтык салттарынан жана жаш чеберлердин даярдыгынын жогорку деңгээлинен кабар берет десек жаңылышпайбыз.

Аптанын башында, 1-апрелде команда өкүлдөрү жана профессор Таалайбек Иманалиев БААУнун президенти Тимоти О'Коннор менен жолугушуп, өткөн таймаштар тууралуу айтып беришти. Президент жаш шахмат чеберлерин жана алардын жетекчилерин коло байгелери менен куттуктап, алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Биз да шахмат чеберлерибизди чоң жетишкендиктери менен куттуктайбыз жана аларга жаңы жеңиштерди каалайбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028