鶹ý

Апрель айында ДАРМАРКА! Алмаштыруу үчүн буюмдарыңыздарды алып келиңиздер!

Апрель айында ДАРМАРКА! Алмаштыруу үчүн буюмдарыңыздарды алып келиңиздер!

7&Բ;апреля&Բ;2025

Биз каалоочулардын баарын “Жашыл апрель-2025” учурунда ДАРМАРКАГА катышууга чакырабыз!

Дармарка алдыда күтүлүп жаткан 12R Fest экофестивалынын иш-чараларынын/активдүүлүктөрүнүн бири болмокчу. Ал БААУда 26-апрелде өтөт.

Андыктан биз сиздерди азыртадан баштап дармаркага буюмдарды даярдап баштоого чакырабыз. Сизге кереги жок, бирок жакшы абалда сакталган жана аларды башка бирөөгө белекке берүүгө даяр болгон буюмдарды камдай берсеңиздер болот - китеп, кийим-кече, аксессуарлар, кооздуктар, оюнчуктар, гаджеттер, канцелярдык товарлар жана башкалар.

Сиз буюмдарыңызда 12R Fest экофестивалына 26-апрелде алып келе аласыз (жарманке саат 10:00дөн 14:00гө чейин орун алат).

Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн буюмуңузда АЛДЫН-АЛА таштап кетсеңиз болот. 8-апрелден тарта Green Club`дун ыктыярчылары Форумга кире бериште саат 12:00дөн 14:00гө чейин атайын баштыктар менен күтүшөт. Ыктыярчылар сиздин буюмуңузду кабыл алышат жана алардын ордуна БААУнун атайын “акчаларын” беришет. Ал банкноттордун жардамы менен сиз дармарка учурунда жолуктурган керектүү буюмуңузду сатып алсаңыз болот.

Эгерде сизге кандайдыр-бир буюм жагып калса, бирок сизде ага алмашканы буюм жок болсо, анда аны арзан баада сатып алса аласыз (100дөн 1000 сомго чейин).

Фестиваль тууралуу кенен маалыматтар иш-чара өтүүчү күнгө аз калганда дагы кошумча маалымдалат. Биздин имейл-кабарлоолорубузду окуп туруңуздар! Ошондой эле фестиваль учурунда дармарка менен катар жарманке өткөрүлөт. Анда ата мекендик экоөндүрүүчүлөрдүн экоазыктары жана жергиликтүү кол өнөрчү айымдардын эмгектери тартууланат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028