鶹ý

“Гуманитардык илимдердеги санариптик усулдар жана куралдар” симпозиуму

“Гуманитардык илимдердеги санариптик усулдар жана куралдар” симпозиуму

22&Բ;апреля&Բ;2025

2025-жылдын 19-апрелинде БААУда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын кырктан ашык окутуучуларынын жана студенттеринин катышуусу менен “Гуманитардык илимдердеги санариптик усулдар жана куралдар” аттуу симпозиум болуп өттү. Бул академиялык коомчулукту санариптик гуманитардык илимдер темасынын айланасына бириктирген өлкөдөгү алгачкы иш-чара болду.

Катышуучулар санариптик-гуманитардык илимдердин ыкмаларын жана куралдарын ар кандай академиялык чөйрөдө колдонуу жөнүндө тажрыйбалары менен бөлүшүп, буга байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдү, окутуунун жана изилдөөнүн жаңы перспективаларын талкуулашты. БААУнун, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жана Адам университетинин окутуучулары санариптик технологияларды гуманитардык илимдерде практикалык колдонууга байланышкан учурларды, педагогикалык ыкмаларды жана илимий долбоорлорду көрсөтүштү. Ошондой эле, студенттер археология, тарых, маданият таануу, социология, адабият жана тил таануу сыяктуу тармактарда санариптик технологияларды чыгармачылык менен колдонуп жаткан долбоорлорун көрсөтүштү.

Аталган симпозиум БААУнун Президентинин билим берүү жана изилдөө фондунун (PREF) колдоосу менен ишке ашырылган “Гуманитардык илимдердеги санариптик ыкмалар жана куралдар” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болду.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028