СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАР
1. Ачык Коом Институтунун (OSI) стипендиясы
Кимдер бул стипендиалык программага кайрыла алат?
- КМШ өлкөлөрүнүн жарандары (Кыргызстан жана Россиядан тышкары)
- Бардык программалар үчүн жеткиликтүү (Бизнести башкаруу жана Программалык инженерия программаларынан тышкары)
- Финансылык муктаждыгы бар жана жогорку академиялык көрсөткүчтөрдү көрсөткөн студенттер үчүн
Стипендия тууралуу маалымат:
- Окуу акысынын 70%дан 90%га чейин жабат
- Донор тарабынан жеке чыгымдар (жатакана, тамак-аш) үчүн кошумча жардам берилиши мүмкүн
- Талап кылынган минималдуу орточо балл (GPA): 2.7/4.0 же 3.0/4.0 (баалоо шкаласына жараша)
Кантип тапшырууга болот?
- Тапшыруу үчүн арыз формасын толтуруңуз (шилтеме аркылуу жеткиликтүү):
- Арыз формасынан 8-9 беттеринде көрсөтүлгөн бардык керектүү документтерди тапшырыңыз
Башка региондордон жана өлкөлөрдөн келген студенттер документтерин электрондук почта аркылуу жөнөтө алышат: ✉ finaid@auca.kg
Маанилүү маалымат: БААУга келгенден кийин бардык документтердин оригиналдарын финансылык бөлүмүнө тапшыруу керек
Негизги шарттар:
- Стипендия бир жылга гана бериле
- Стипендиянын узартылышы бардык талаптар аткарылган шартта гана мүмкүн
2. Ага Хан Фондунун стипендиясы
Бул стипендия Ага Хан Фонду тарабынан түздөн-түз каржыланып жана башкарылат. Толукмаалыматты Ага Хан Фондунун расмий сайтынан таба аласыз: