鶹ý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМДЫН БАШКА ТҮРЛӨРҮ

ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМДЫН БАШКА ТҮРЛӨРҮ

БААУ жогорку билимди баардык студенттер үчүн жеткиликтүү кылууга умтулат. Финансылык муктаждыкка жана жетишкендиктерге негизделген жардамдардан тышкары, биздин университет бир туугандарга, жетимдерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге да жеңилдиктерди сунуштайт.

Бир туугандар үчүн финансылык жардам

Жеңилдиктин өлчөмү: Бир туугандардын бири үчүн окуу акысына 50% жеңилдик

Бул жеңилдиктер БААУда күндүзгү бөлүмүндө (full-time) окуп жаткан бир туугандары бар студенттерге каралган. Бул жеңилдик үйбүлөнүн материалдык абалына көз каранды эмес, башкача айтканда финансылык муктаждыкты тастыктаган документтерди берүү талап кылынбайт. Эгерде бардык бир туугандар орточо 2.7 орто бааны сактап, күндүзгү бөлүмдө окуусун улантса бул жеңилдик автоматтык түрдө жаңыртылып турат. Эгерде бир туугандардын бири окууну таштаса жана үйбүлөдө жалгыз студент калса, жеңилдик жокко чыгарылат. Бирок студент материалдык абалга негизделген жардам алуу үчү кайрылса болот.

Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн финансылык жардам

Жеңилдиктин өлчөмү: Окуу акысына 90%га чейин жеңилдик
Бул жеңилдик БААУнун күндүзгү бөлөмүндөгү (full-time) бакалаврдык программаларына кабыл алынган абитуриенттерге берилет.

Жеңилдикти алуу үчүн төмөнкү талаптар аткарылышы керек:

  • Окуу учурунда орточо GPA 2.7ден төмөн болбошу керек
  • Финансылык муктаждыкты тастыктоо
  • 1-же 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендигин ырастаган расмий документтерди тапшыруу

Жетим студенттер үчүн финансылык жардам

Жеңилдиктин өлчөмү: Окуу акысына 90%га чейин жеңилдик

Бул жеңилдик АУЦАнын бакалавриат программаларынын бирине күндүзгү бөлүмгө (full-time) кабыл алынган абитуриенттерге берилет. Жеңилдикти алуу үчүн төмөнкү талаптар аткарылышы керек:

  • Окуу учурунда орточо GPA 2.7ден төмөн болбошу керек
  • Финансылык муктаждыкты тастыктоо
  • Жетимдик статусун ырастаган расмий документтерди тапшыруу

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028