БААУ 9-11-класстын бардык каалоочу мектеп окуучуларын жыл сайын өтүүчү жазгы математикалык олимпиадага катышууга чакырат. Олимпиада 2025-жылдын 2-мартында БААУнун имаратында өтөт.
Байгелүү орундарга ээ болгондор жана олимпиаданын финалына чыккандар баалуу белектер жана эстелик белектер менен сыйланышат.
Жеңүүчү, 11-класстын окуучулары арасында экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер БААУга «Колдонмо математика жана информатика» адистиги боюнча кабыл алынган учурда окуу акысына тиешелүүлүгүнө жараша 100%, 90% жана 80% өлчөмүндө жеңилдиктер берилет.
TSI 9-класстын окуучулары арасында жеңүүчүгө, экинчи жана үчүнчү орунга ээ болгондорго 70%, 60% жана 50% өлчөмүндө жеңилдиктерди берет.
Маселелердин мисалдары:
Математика боюнча Олимпиада 2024 | |
Катоодон өтүү үчүн жеке Google аккаунтка кирип, төмөндөгү форманы толтуруу керек. Же болбосо бул шилтеме аркылуу өтүңүз.
ОЛИМПИАДАГА КАТТОО 27-февраль саат 23:59да ЖАБЫЛАТ.
Каттоодон өткөндөн кийин аппликантка олимпиада тууралуу маалымат ал көрсөткөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.