鶹ý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Жетишкендиктерге негизделген финансылык жардам

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРГЕ НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ

Жетишкендиктерге негизделген жеңилдиктер финансылык муктаждыгына карабастан, мыкты студенттерге берилет. Бул жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана жеткиликтүү.

Жеңилдик алуу үчүн студент жогорку академиялык жетишкендиктерди же башка маанилүү ийгиликтерди көрсөтүшү керек. Бул жеңилдиктер финансылык муктаждыкка байланыштуу эмес, демек, студент матераилдык абалын тастыктаган документтерди тапшырууга милдеттүү эмес. Жеңилдикти алуу үчүн студент БААУга ийгиликтүү кабыл алынышы керек. Ошондой эле жеңилдикке укук берген сыйлыктар БААУга кабыл алынган жылы алынууга тийиш.

Бардык жетишкендикке негизделген жеңилдиктер жогорку академиялык көрсөткүчтөрдү жана БААУнун коомдук жашоосуна активдүү катышууну сактаган шартта гана студентке сегиз семестр бою берилет.

2025–2026-окуу жылы үчүн жетишкендикке негизделген жеңилдиктер:

  • Англис тили боюнча Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү (КР):
  • 1-орун – 100%
  • 2-орун – 60%
  • 3-орун – 50%
  • Математика жана информатика боюнча Республикалык жана Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү:
  • 1-орун – 100%
  • 2-орун – 60%
  • 3-орун – 50%
    (Эскертүү: ар бир орун үчүн бирден ашык талапкер болгондо кошумча шарттар киргизилиши мүмкүн)

  • ЖРТ "Алтын сертификат" ээлери (100% жеңилдик)

  • BRAIN RING интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү (БААУ тарабынан мектептер, гимназиялар жана лицейлер арасында өткөрүлөт):
  • 1-орун – 100%
  • 2-орун – 80%
  • 3-орун – 75%
  • STREAM жаш таланттар үчүн вокалдык-артисттик конкурстун жеңүүчүлөрү (БААУ тарабынан мектептер, гимназиялар жана лицейлер арасында өткөрүлөт):
  • Алгачкы 3 орун – 100%
  • «Антропология» жана «Социология» багыттары боюнча БААУнун кирүү сынактарында эң жогорку балл алган 2 студент:
  • 100% жеңилдик (Бул колдоо КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн жеткиликтүү.)
  • VICTORIA конкурсу (БААУ тарабынан орто мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Европа боюнча билим деңгээлин баалоо максатында өткөрүлөт):

(«Эркин искусство жана илимдер: Европаны изилдөө» факультетине тапшырууда колдонулат)

  • 1-орун – 100%
  • 2-орун – 60%
  • 3-орун – 40%
  • 10-11-класстын окуучулары үчүн жыл сайын БААУ тарабынан өткөрүлгөн математика олимпиадасынын жеңүүчүлөрү:

(«Колдонмо математика жана информатика» адистигине тапшырууда колдонулат)

  • 1-орун – 100%
  • 2-орун – 90%
  • 3-орун – 80%
  • БААУнун юридикалык дебаттар конкурсу:

(«Эл аралык жана ишкердик укугу» факультетине тапшырууда колдонулат.)

  • 1-орун – 80%
  • 2-орун – 70%
  • 3-орун – 60%
  • БААУнун TIFE долбоорунун жеңүүчүлөрү :

(«Бизнес башкаруу», «Экономика», «Эркин искусство жана илимдер: Социалдык ишкердик» жана «Журналистика жана массалык коммуникациялар» адистиктерине тапшырууда колдонулат)

  • 1-орун – 60%
  • 2-орун – 50%
  • 3-орун – 40%

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028