МАТЕРИАЛДЫК АБАЛГА НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ
МАТЕРИАЛДЫК АБАЛГА НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМГА КИМДЕР КАЙРЫЛА АЛАТ?
Төмөнкү талапкерлер финансылык жардам алуу үчүн арыз бере алышат:
- БААУнун кабыл алуу комиссиясы сунуштаган талапкерлер (БААУга кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган жана кабыл алуу комиссиясына документтерин өткөргөн талапкерлер)
- Күндүзгү бөлүмдүн студенттери (full-time status)
- Финансылык муктаждыгы бар студенттер
- КМШ өлкөлөрүнүн жарандары
МАТЕРИАЛДЫК АБАЛГА НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМГА КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮГӨ БОЛОТ?
1. Финансылык жардам алуу үчүн арыз толтуруңуз
-
- 2025–2026-окуу жылы үчүн финансылык жардам алуу боюнча арызды толтуруңуз
- 2. Тастыктоочу документтерди тапшырыңыз
- Сиздин материалдык абалыңызды тастыктаган бардык зарыл документтерди даярдап, тапшырышыңыз керек
- 3. Документтерди электрондук почта аркылуу же жеке өзүңүз тапшырыңыз
- Бишкектеги студенттер документтерди финансылык жардам бөлүмүнө жеке тапшырышы керек
- Региондордон же башка өлкөлөрдөн келген студенттер документтерди finaid@auca.kg электрондук почтасына жөнөтө алышат. Окууга келгенден кийин документтердин оригиналдарын тапшыруу зарыл
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ
- Максималдуу жардам: Максималдуу материалдык абалга негизделген жардам окуу акысынын 40%ын түзөт
- Жардамдын узактыгы: Финансылык жардам максималдуу сегиз семестрге (төрт академиялык жыл) берилет.
- Тапшыруу мөөнөтү: Бардык зарыл документтер финансылык жардам бөлүмүнө белгиленген мөөнөткө чейин тапшырылышы керек. Кеч тапшырылган документтер кабыл алынбайт.
- Мөөнөттөн кечигүү: Эгерде сиз тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп жиберсеңиз, кайра арыз берүүнү кийинки академиялык жылда гана жүргүзө аласыз. Бул учурда сиздин GPA 2.7ден төмөн болбошу керек жана күндүзгү бөлүмдүн (full-time) студенти болуусу зарыл
- Жыйынтыктар тууралуу билдирүү: Арыздын жыйынтыгы арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт

