鶹ý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЭРЕЖЕЛЕР

ЭРЕЖЕЛЕР

1. Финансылык жардам түрлөрүнүн аныктамасы

"Стипендия" деген термин тышкы булактардан каржыланган жардамды билдирет, ал эми "финансылык жардам" БААУнун операциялык фондунан каржыланат.


2. Университеттин эрежелерин сактоо

Стипендия жана финансылык жардам алуучулар Студенттик укук, милдеттер жана жүрүм-турум кодексине, ошондой эле Академиялык эрежелерге жана процедураларга баш ийиши керек. Эрежелерди бузуу стипендиянын же финансылык жардамдын токтотулушуна алып келиши мүмкүн.


3. Университет алдындагы карыздар

Эгерде студент университетке карыз болсо, финансылык жардам же стипендия жаңыртылбайт. Ошондуктан, студенттер бардык төлөмдөрдү жана чыгымдарды убагында төлөшү керек. БААУга жаңы тапшырып аткан жана биринчи жолу финансылык жардамга арыз берген талапкерлердин эч кандай карызы болбошу керек.


4. Стипендиялардын жана финансылык жардамдын чектелген саны

Эгерде талапкерлердин саны жеткиликтүү стипендиялардан жана финансылык жардамдан ашып кетсе, анда финансылык муктаждыгы азыраак болгон айрым талапкерлерге жардам берилбей калышы мүмкүн.


5. Финансылык эсептөөлөр үчүн валюталык курс

Финансылык эсептөөлөрдө АКШ долларынын курсу колдонулат. Бул курс Финансылык жардам комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсуна негизделип белгиленет.


6. Тапшырылган маалыматтарды текшерүү

Финансылык жардам талапкер берген маалыматтардын негизинде ыйгарылат. Финансылык жардам бөлүмү төмөнкүлөрдү текшерүүгө укуктуу:

  • Кайсы убакта болбосун финансылык жардамга ылайыктыгын кайрадан карап чыгуу
  • Талапкердин, анын ата-энесинин үйүнө же иштеген жерине кокустук текшерүү жүргүзүү
  • Керек болгон учурда кошумча документтерди талап кылуу

Туура эмес же жалган маалымат берүү финансылык жардамдын дароо жокко чыгарылышына алып келет

7. Академиялык өргүү саясаты

  • Толук академиялык жыл: Эгерде студент ички финансылык жардам менен бир жылдык академиялык өргүүгө чыкса, анын финансылык жардамы жокко чыгарылат. Студент кийинки академиялык жылы кайрадан кайрылышы керек.
  • Бир семестр: Эгерде студент бир семестрге академиялык өргүүгө чыкса, анын финансылык жардамдын жарымы сакталат, ал эми экинчи жарымы жокко чыгарылат.

Жетишкендикке негизделген финансылык жардам академиялык өргүүдөн кийин сакталат.

Донордук стипендия алган студенттердин академиялык өргүүдөн кийинеи финансылык жардамы донордун жеке чечими менен белгиленет

Баалоо жана купуялуулук

  • Финансылык жардам бөлүмү арыздарды карап чыгат, маектерди өткөрөт жана талапкерлердин үйлөрүнө барып текшерүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн.
  • Бардык берилген маалыматтар университет тарабынан купуялуулук шартында сакталат.

Финансылык жардам комитети:

  • Финансылык жардам стратегияларын бекитет
  • Каражаттарды бөлүштүрүүнү карап чыгат
  • 5-10% сыйлыктар боюнча аудит жүргүзөт
  • Өзгөчө учурларды жана апелляцияларды карайт

Финансылык жардамды жыл сайын кайра карап чыгуу

  • Учурдагы финансылык жардам алуучулар жыл сайын финансылык абалы өзгөрбөгөнүн тастыктаган декларация (affidavit) тапшырууга милдеттүү
  • Эгерде финансылык абал 20% же андан көп өзгөрсө, студент Финансылык жардам бөлүмүнө кабарлап, жаңыланган документтер менен кайра кайрылышы керек

Ички которуулар (бакалавриат студенттери үчүн гана)

  • БААУда биринчи семестр студенттин финансылык жардам алуусунун башталышы катары эсептелет
  • Айрым атаандаштык жогору болгон бөлүмдөргө (мисалы, Бизнес башкаруу) которулганда финансылык жардам сакталбай калышы мүмкүн
  • Которулуу чечимин кабыл алуудан мурун, студенттер Финансылык жардам бөлүмүнө кайрылуусу керек

Финансылык жардам боюнча аппеляциялар

Студенттер финансылык жардам бөлүмүнүн чечимине аппеляция берүүгө укуктуу

Апелляция берүү процесси:

  • Апелляциялар Финансылык жардам комитети тарабынан каралат
  • Чечим студентке 10 иш күнү ичинде электрондук почта аркылуу кабарланат
  • Студенттер жылына бир эле жолу апелляция менен кайрылууга мүмкүнчүлүк алат

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028