Окутуунун максаттары жана жыйынтыктары

Студенттердин “социологиялык түрдө ойлонуусун” калыптандыруу үчүн БААУнун студент-социологдору үчүн окутуунун кезектеги максаттарын бекиттик:
- Студенттер өзүлөрүнүн социологиялык кыялдарын социологиялык ааламды түшүнүү жана чечмелөө жөндөмү катары өнүктүрүшөт
- Студенттер ар кандай теоретикалык жолдорду адамдын ишмердүүлүгү жана социалдык түзүмдөрдү талдоо үчүн колдонушат
- Студенттер сандык жана сапаттык маалыматтарды чогултуу жана талдоо ыккмаларына ээ болушат
- Студенттер оригиналдуу изилдөөчүлүк долбоорду иштеп чыгышат жана ишке ашырышат, анын жардамы менен социалдык теория менен маалыматтарды интеграциялоо жөндөмүн көрсөтүшөт
- Студенттер эффективдүү уюштуруу жана идеялар менен маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон шаймандарга ээ болушат
- Студенттер өз долбоорлору үчүн маалыматтарга жетүү, талдоо жана чагылдыруу максатында компьютер жана маалыматтык технологиялар менен иштөө ыкмаларын өнүктүрүшөт;\
- Студенттер адилеттүү коомду аныктаган кыялдарын өнүктүрүшөт.